КМУнун окутуучулары студенттердин кесиптик жана маданий компетенцияларын калыптандыруу максатында театр, музей, китепканаларда экскурсия уюштурушту
И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин педагогика жана психология институтунун студенттерине Улуттук тарых музейине, Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрына жана И.Арабаев атындагы КМУнун моделдик китепканасына экскурсия уюштурулду.
Бул иш-чаралар студенттердин кесиптик жана маданий компетенцияларын калыптандырууга өбөлгө түзөт.
Иш-чаралар КМУнун педагогика жана психология институту тарабынан уюштурулду.



