Blog Image

КМУнун окутуучулары Түркиядагы “Кыргыздар турбеси” мемориалына барышты

30-март күнү И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети жана Стамбул Айдын университетинин ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде Түркия Республикасында иш сапар менен жүргөн окутуучулары Изник сепилин алуу үчүн салгылашууда курман болгон кыргыз жоокерлеринин элесине арналган “Кыргыздар турбеси” мемориалына барышты. Ошондой эле, IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары үчүн ачылган паркка экскурсия жасашты.

Изник шаарынын мэри Каган Мехмет Уста менен жолугушту.