Blog Image

КМУнун окутуучулары Түркиядагы маданий мекемелер менен таанышты

1-апрель күнү И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети жана Стамбул Айдын университетинин ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде Түркия Республикасында иш сапар менен жүргөн профессордук-окутуучулар курамы Стамбул Айдын университетинин көркөм өнөр жана билим берүү факультетинин деканы профессор Хизир Тарик Огузлу менен жолугушту. Жолугушууда окуу процессинин жүрүшү жана студенттердин академиялык мобилдүүлүгү жөнүндө маселелер талкууланды.

2-апрель күнү И.Арабаев атындагы КМУнун профессордук-окутуучулар курамы Стамбул Айдын университетинин Эл аралык байланыштар проректору профессор Зафер Аслан менен жолугушту. Жолугушууда эки университет ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде академиялык мобилдүүлүктүн алкагында жүргүзүлгөн иш-чаралар талкууланып, келечектеги программалар тууралуу маектешүү болду.

4-апрель күнү эки университеттин окутуучулары Стамбул шаарындагы Рами китепканасына экскурсияга барышты. Экскурсиянын жүрүшүндө китепкананын директору менен маектешип, баалуу китептерди кайра жасоо жана оңдоо ыкмалары тууралуу кенен маалыматка ээ болушту.