Blog Image

КМУнун окутуучулары Ташкент шаарында өткөн эл аралык конференцияга катышты

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин табигый илимдер институтунун география жана экология кафедрасынын ага окутуучусу Г.Р. Токталиева, жалпы биология жана аны окутуунун технологиясы кафедрасынын башчысы, п.и.к., доцент М.Т. Кырбашова, жалпы биология жана аны окутуунун технологиясы кафедрасынын доценти, б.и.к. С.Т.Бейшеналиева, японтаануу институнун туризм бөлүмүнүн ага окутуучусу К.К. Жантемирова Ташкент шаарында өткөн “Адаптивдик интеллект жана заманбап адамдын социалдык чөйрөсүнүн концепциялары” (“Adaptive Intelligence and Social Environment in the Concept of the Modern Individual”) аталышындагы эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышты.

Конференциянын жүрүшүндө КМУнун табигый илимдер институтунун география жана экология кафедрасынын ага окутуучусу Г.Р. Токталиева “Билим берүүдөгү адаптивдик интеллектин өнүгүшүнүн педагогикалык жана психологиялык факторлору”, “Курактык өзгөчөлүгүн эске алуу менен жалпы билим берүү мектептеринде биологияны окутуудагы улантуучулук принциптерин колдонуу”, жалпы биология жана аны окутуунун технологиясы кафедрасынын башчысы, п.и.к., доцент М.Т. Кырбашова “Заманбап психологиянын өнүгүшүндөгү эксперименталдык изилдөөлөр: көйгөйлөрү жана чечүү жолдору”, “Кесиптик -профилдик практика - студенттердин кесиптик компотенцияларынын калыптануусунун шарты катары”, жалпы биология жана аны окутуунун технологиясы кафедрасынын доценти, б.и.к. С. Т. Бейшеналиева “Адаптивдик интеллектин өнүгүү механизмдери жана теориялык негиздери” жана “Таанып билүү ишмердүүлүгүн өнүктүрүү каражаты катары квест технологиясы” аталышында илимий доклад окуду.

Ошондой эле, КМУнун табигый илимдер институтунун география жана экология кафедрасынын ага окутуучусу Г.Р. Токталиева, “Экологияны глобалдаштырууда техносферанын өнүгүшү”, жалпы биология жана аны окутуунун технологиясы кафедрасынын башчысы, п.и.к., доцент М.Т. Кырбашова “Кесиптик-профилдик практиканын методикалык шарттары”, жалпы биология жана аны окутуунун технологиясы кафедрасынын доценти, б.и.к. С.Т. Бейшеналиева “Микроорганизмдердин дем алуусу жана биологиялык мааниси”, японтаануу институнун туризм бөлүмүнүн ага окутуучусу К.К. Жантемирова “Кыргызстандын көрүнүктүү туристик жайлары” аталышында конок-лекцияларды өтүштү.

Позвонить