Blog Image

КМУнун окутуучулары Ташкентте өткөн “Борбордук Азияда чоңдор үчүн глобалдык билим берүү программасын иштеп чыгуу” аталышында воркшопко катышты

И. Арабаев атындагы КМУнун М.Р. Рахимова атындагы Кошумча кесиптик билим берүү институтунун директору Гүлнара Үсөнгазиева жана Инновациялык технологиялар жана квалификацияны жогорулатуу борборунун башчысы Дамира Шаршенова Ташкентте өткөн “Борбордук Азияда чоңдор үчүн глобалдык билим берүү программасын иштеп чыгуу” аталышында воркшопко катышты. Воркшоп Эл аралык элдик университеттердин немис ассоциациясынын (DVV International) кызматташуу институту тарабынан уюштурулган.