Blog Image

КМУнун окутуучулары Татарстан Республикасынын Елабуга шаарына иш сапары менен барды

26-сентябрда Татарстан Республикасынын Елабуга шаарына Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Педагогика жана психология институтунун директору Гүлзат Казиева жана Орус филологиясы факультетинин деканы Назгүл Сегизбаева иш сапары менен барып, III Эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышышты. Конференциянын алкагында “Билим берүү уюмдарынын туруктуулугун жогорулатуунун Россиялык жана чет элдик тажрыйбасы” аталышында жыйын болуп өттү. Жыйындын жүрүшүндө Гүлзат Казиева жана Назгүл Сегизбаева «Кыргыз Республикасынын ЖОЖдорунун мисалында студенттердин жеке туруктуулугунун маңызы жана мааниси» аттуу доклад окушту.