Blog Image

КМУнун окутуучулары Татарстан Республикасынын Елабуга шаарына иш сапары менен барды

26-27-сентябрда Татарстан Республикасынын Елабуга шаарына И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Педагогика жана психология институтунун директору Гүлзат Казиева жана Орус филологиясы факультетинин деканы Назгүл Сегизбаева иш сапары менен барып, III Эл аралык илимий-практикалык конференциянын негизинде “Россия менен Кыргызстандын тажрыйбасынын негизинде мугалимдердин билимин өнүктүрүүнүн эффективдүү тажрыйбалары” аттуу тегерек столго катышты.

Тегерек столдо КФУнун Елабуга институтунун директорунун илимий иштер боюнча орун басары Алсу Мирзагитова, квалификацияны жогорулатуу жана кошумча билим берүү бөлүмүнүн башчысы Алсу Рахманова, окуу-тарбия иштери боюнча окуу бөлүмүнүн усулдук адиси Руслан Мухаметов учурдагы көйгөйлөрдү жана мугалимдердин билимин өнүктүрүүнүн келечегин талкуулап, ийгиликтүү тажрыйбаларды талдап, Россия менен Кыргызстандын бул жаатта кызматташуусун бекемдөө боюнча сунуштарды иштеп чыгышты. Ошондой эле жыйынга КФУнун Елабуга институтунун кафедра жана бөлүм башчылары катышты.

Кийинки талкуунун темасы “КФУнун Елабуга атындагы институтунда филологиялык билим берүүнү уюштуруунун өзгөчөлүгү” болду. Ага филология жана тарых кафедрасынын окутуучулары катышышты.

КМУнун окутуучулары КФУнун Елабуга атындагы институту менен жакындан таанышып, психология жана педагогика кафедрасынын жана инженердик-технологиялык кафедрасынын окуу корпустарынын айланасына экскурсиялар өткөрүлүп, практикалык сабактар үчүн жабдылган класстар менен тааныштырып, окутуу тажрыйбалары менен бөлүшүштү. КМУнун окутучууларынын Татарстан Республикасына болгон иш-сапары Елабуга шаарынын тарыхый жерлерин кыдыруу менен аяктады.