КМУнун окутуучулары тренингге катышты
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жана USAIDдин "Окуу керемет" долбоору тарабынан "Жогорку окуу жайларына жана педагогикалык колледждерине, кафедраларына жана бөлүмдөрүнө усулдук колдоону уюштуруу" боюнча тренинг болуп өттү. Ага И.Арабаев атындагы КМУнун Педагогика жана психология институтунун директору, доцент Г.Казиева, Мамлекеттик тил жана маданият институтунун ага окутуучусу Н.Масалиева катышты.
Тренингдин максаты: Болочок башталгыч класстардын мугалимдерин даярдоо программасына, долбоордун материалдарын ийкемду киргизүү боюнча жогорку окуу жайларынын жана педагогикалык колледждеринин, ошондой эле, кафедраларынын, бөлүмдөрүнүн окутуучуларына методикалык колдоону уюштуруу жана өткөрүү дараметин жогорулатуу болуп саналат.