КМУнун окутуучулары Улуттук балдар инженердик-техникалык академиясында «Python тилинде программалоо маселелери жана аларды чечүү жолдору» аттуу квалификацияны жогорулатуу курстарын өттү
Курс Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин буйругуна ылайык Республикалык педагогикалык кадрлардын квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институту менен биргеликте уюштурулган. Курстун программасын Кыргыз Республикасынын Билим берүүсүнүн отличниги, НДИТАнын алгоритмдөө жана программалоо мугалими Маргарита Александровна Комкова иштеп чыккан жана жүргүзгөн.
Курска 27 угуучулар, анын ичинде ар кандай билим берүү уюмдарынын информатика мугалимдери, техникалык ийримдердин жетекчилери жана И.Арабаев атындагы КМУнун Жаңы маалыматтык технологиялар институтунун Орто кесиптик билим берүү бөлүмүнүн окутуучулары катышты.
Курстун катышуучулары жыйынтыктоочу тесттен ийгиликтүү өтүп, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунан 72 сааттык сертификаттарга ээ болушту. Бул курс Python программалоо боюнча компетенттүүлүгүн тастыктаган ар бир катышуучунун кесиптик өнүгүүсүндөгү маанилүү кадам болду.