Blog Image

КМУнун окутуучулары Улуу Британия жана Өзбекстандын алдыңкы университеттери менен өнөктөштүктө катышып, инклюзивдик билим берүүдө англис тили окутуучуларын даярдоо долбоорун ийгиликтүү жеңип алды

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Ш. Кадырова атындагы Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институтунун Англис тилинин технологиясы, теориясы жана практикасы кафедрасы Улуу Британия жана Өзбекстандын алдыңкы университеттери менен өнөктөштүктө катышып, инклюзивдик билим берүүдө англис тили окутуучуларын даярдоо долбоорун ийгиликтүү жеңип алды.

Долбоордун алкагында кафедранын окутуучулары Аида Ишенбаева жана Гүлзада Усекова AELLCA programme “English and inclusion partnerships” долбоору менен Улуу Британиядагы Ноттингем Трент университетинин Тил жана эл аралык коммуникация институтунда (Institute of Languages and Intercultural Communication) квалификациясын жогорулатууда.

Бул долбоор англис тили окутуучуларынын билим деңгээлин жана инклюзивдик билим берүү чөйрөсүндөгү компетенцияларын жогорулатууга багытталган.