КМУнун окутуучулары “XXI кылымдагы педагогикалык жана психологиялык илимдердин өнүгүүсүнүн багыттары жана келечеги” аталышында эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышты
И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Орус филологиясы факультетинин Орус тилин жана адабиятын окутуунун теориясы жана методикасы кафедрасынын окутуучулары Казакстан Республикасынын Тараз шаарында өткөн “XXI кылымдагы педагогикалык жана психологиялык илимдердин өнүгүүсүнүн багыттары жана келечеги” аталышында эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө Орус филологиясы факультетинин Орус тилин жана адабиятын окутуунун теориясы жана методикасы кафедрасынын башчысы Гүлмира Тагаева, Орус тилин жана адабиятын окутуунун теориясы жана методикасы кафедрасынын профессору Нургүл Койчуманова жана Орус тилин жана адабиятын окутуунун теориясы жана методикасы кафедрасынын доценти Светлана Апышева баяндама жасады.
Иш-чаранын алкагында И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети менен Шерхан Муртаза атындагы эл аралык Тараз университети эки тараптуу кызматташтык келишими боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү.
Эки тараптуу кызматташтык академиялык мобилдүүлүктү ишке ашырууга, тажрыйба алмашууга, конференция, семинар, форум, тегерек стол жана башка иш-чараларды биргеликте өткөрүүгө жол ачат.