КМУнун окутуучулары үй тибиндеги бала бакча ачууга ниеттенген ишкер айымдар үчүн семинар-тренинг өткөрүүдө
И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин окутуучулары үй тибиндеги бала бакча ачууга ниеттенген ишкер айымдар үчүн семинар-тренинг өткөрүүдө. Семинар-тренингди Гуманитардык-педагогикалык колледжинде КМУнун доценти Н. Абдраева, ГПКнын педагогика бөлүмүнүн башчысы А. Молдалиева, ага окутуучулар Т.Калыкова жана Н. Масалиевалар өткөрүшүүдө.
Иш-чара Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-майындагы №279 токтомуна жана Кыргыз Республикасынын Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2024-жылдын 24-апрелиндеги жыйналыштын протоколун ишке ашыруу максатында уюштурулууда. Семинар-тренингдин негизги максаты: жеке ишкерлерди мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүүгө даярдоо жана методикалык колдоо көрсөтүү.
Тренингдин алкагында үй тибиндеги бала бакча ачууну каалаган ишкер айымдарга атайын билим берүү жана мектепке чейинки тарбияны уюштуруу боюнча практикалык кеңештер берилип, мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүү боюнча маалымат берилди.
Бул иш-чаранын өткөрүлүшү өлкөдөгү мектепке чейинки билим берүү кызматтарынын сапатын жогорулатууга жана ишкер айымдардын педагогикалык билимдерин кеңейтүүгө чоң салым кошот.