Blog Image

КМУнун окутуучулары Япониянын Окаяма шаарында өткөн эл аралык  XIV глобалдык конференцияга катышты 

И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Табигый илимдер институтунун география жана экология кафедрасынын доценти Ч.М. Садыкова жана окутуучу Бактыбек к. Н. 21-26-октябрь күндөрү Япониянын Окаяма шаарында Туруктуу өнүгүү үчүн билим берүү боюнча аймактык эксперттик борборлордун "Туруктуу келечек үчүн окутууну кайра карап чыгуу: 20 жылдык аракет жана инновация" ("Rethinking Learning for a Sustainable Future: 20 Years of Action and Innovation") аталышындагы эл аралык  XIV глобалдык конференциясына катышышты.
Ага дүйнө жүзү боюнча 260тан ашык адам докладдары менен катышты.
Пленардык жыйындар он эки жылдык кызматташуудагы эң мыкты тажрыйбаларды талкуулоо үчүн бардык аймактардан келген RCE лидерлерин чогултту. 
Конференцияда Окаяма декларациясы: Туруктуу келечек үчүн RCEлердин жамааттык милдеттенмеси кабыл алынып, глобалдык RCE тармагынын климаттын өзгөрүшү, биологиялык ар түрдүүлүктүн азайышы, теңсиздик, санариптик үзгүлтүккө учуроо жана тынчтыкка жана бакубаттуулукка коркунуч келтирүүчү маселелерди чечүүдө билим берүүнү системалуу кыймылдаткыч күчү катары колдонууга болгон милдеттенмеси кайрадан каралды.

Позвонить