Blog Image

КМУнун окутуучулары Ысык-Көл мамлекеттик университетинин студенттерине конок-лекция окуп келишти

11-12-октябрда Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Мамлекеттик тил жана маданият институтунун 3 окутуучусу ф. и. к.,доцент Айнура Каныбекова, ф.и.к., доцент Гулгаакы Жумаева жана Клара Солтобаева Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин 3-4-курстардын студенттерине конок-лекцияларды окуп келишти. Бул иш сапар Мамлекеттик тил жана маданият институтунун директорунун м. а. Аида Эгембердиеванын демилгеси менен уюштурулган.