КМУнун окутуучулары Ысык-Көлдөгү “Жарандык билим” сабагын окута турган мугалимдерди даярдоого багытталган семинарга катышып келишти
И. Арабаев атындагы КМУнун Э.Ж.Маанаев атындагы Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү институтунун окутуучулары Ысык-Көл облусунун Кош-Көл айылындагы Радуга Вест эс алуу жайында өткөн “Жарандык билим” предметин окута турган мугалимдерди даярдоого багытталган семинарга катышып келишти. Семинар аталган предмет боюнча жалпы курсту кандай багытта, кайсы методдордун негизинде колдонуу керектиги тууралуу кеңири маалымат берүүгө багытталган. Иш-чара Кыргызстандагы Шайлоо системасынын Эл аралык фонду (IFES) тарабынан уюштурулуп, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин колдоосу аркылуу ишке ашырылды.