КМУнун окутуучулары Ысык-Көлдө тренерлер үчүн семинар-тренинг өтүүдө
5-8ноябрь күндөрү, Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин окутуучулары Ысык-Көл облусундагы “Ысык-Көл-Аврора” санаторийинде тренерлер үчүн үч күндүк семинар-тренинг өтүүдө. Бул иш-чара Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-майындагы №279 токтомуна жана Кыргыз Республикасынын Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2024-жылдын 24-апрелиндеги жыйналыштын протоколун ишке ашыруу максатында уюштурулууда.
Семинар-тренингди доцент Н. Абдраева, ага окутуучу жана гуманитардык-педагогикалык колледждин педагогика бөлүмүнүн башчысы А. Молдалиева, доцент З. Джапарова, педагогика бөлүмүнүн ага окутуучусу Т.Калыкова республиканын жети облусунан келген билим берүү жетекчилери жана методисттери үчүн тренинг өтүшүүдө. Тренингдин максаты жеке ишкерлерди мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүүгө даярдоо жана методикалык колдоо көрсөтүү.
Белгилей кетсек, семинар-тренинг Билим берүү жана илим министрлигинин демилгеси менен уюштурулуп, анын чыгымдары ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү тарабынан каржыланууда.