Blog Image

КМУнун окутуучулары “Жаңы формациядагы мугалимдерди даярдоонун заманбап ыкмалары” аталышындагы иш-чарага катышты

Бүгүн, 20-август күнү, Август конференциясынын алкагында “Жаңы формациядагы мугалимдерди даярдоонун заманбап ыкмалары” аталышында тегерек стол өттү. Иш-чарага И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин

Педагогика жана психология институтунун директору Гүлзат Казиева, Орус филологиясы факультетинин деканы Назгүл Сегизбаева, Педагогика кафедрасынын башчысы Миргүл Эсенгулова, Атайын педагогика жана психокоррекция кафедрасынын башчысы Замира Джапарова жана Мектепке чейинки билим берүүнүн технологиясы кафедрасынын башчысы Назгүл Абдраева катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө жаңы формациядагы мугалимдерди инновациялык даярдоонун өзгөчөлүктөрү талкууланды. Катышуучулар инновациялык билим берүү чөйрөсүн түзүү, мугалимдердин үзгүлтүксүз педагогикалык даярдыгы, мектепке чейинки билим берүүдө адистерди даярдоонун жаңы ыкмалары жана кошумча билим берүүдө инновациялык тажрыйбаларды колдонуу боюнча ой бөлүштү. Бул иш-чара педагогдорду даярдоодо жаңы ыкмаларды ишке киргизүүгө багытталган маанилүү аянтча болду.