Blog Image

КМУнун окутуучулары "Жалпы билим берүү мекемелеринде педагог-логопеддин сабак өтүүдөгү кесиптик компетенцияларын калыптандыруу" аталышындагы квалификациясын жогорулатуу курсун өткөрүшүүдө

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин М. Р. Рахимова атындагы Кошумча кесиптик билим берүү институтунун доценттери, педагогика илимдеринин кандидаттары Жибек Рахимова, Светлана Новикова жана Рахат Ризаева Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Ж.Ниязов атындагы Жалпы билим берүүчү (көмөкчү) жатак мектебинде "Жалпы билим берүү мекемелеринде педагог-логопеддин сабак өтүүдөгү кесиптик компетенцияларын калыптандыруу" аталышындагы квалификациясын жогорулатуу курсун өткөрүшүүдө.

Иш-чарага Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Ж.Ниязов атындагы Жалпы билим берүүчү (көмөкчү) жатак мектебинин мугалимдери жана тарбиячылары катышты.

Бул курс мугалимдердин жана тарбиячылардын педагог-логопед катары өзүнүн компетенцияларын арттырып, билим берүү сапатын жогорулатууга багытталган маанилүү иш-чара болуп саналат.

Белгилей кетсек, квалификацияны жогорулатуу курсу 17-22-март күндөрү аталган мекемеде өткөрүлүп, 24-марттан 12-апрелге чейин онлайн форматта улантылат.