Blog Image

КМУнун окутуучулары жана студенттери “Билим берүүдөгү инновациялар: эл аралык кызматташтыктын траекториялары” эл аралык форумуна катышты

Ишеналы Арабаев атындагы КМУнун Педагогика жана психология институтунун Мектепке чейинки билим берүүнүн технологиясы кафедрасы менен Табигый математикалык билимдер жана аларды башталгыч класстарда окутуу технологиясы кафедрасынын окутуучулары Э.Өмүралиева, Э.Тентиева жана А.Теңизбек кызы 4-курстун студенттери менен бирге Б.Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинде өткөн «Билим берүүдөгү инновациялар: эл аралык кызматташтыктын траекториялары» аттуу эл аралык форумга катышып келишти. 
Форумдун жүрүшүндө эрте жана мектепке чейинки курактагы балдар менен иштөө, сүрөт тартуунун аралаш ыкмалары боюнча баяндамалар угулуп, мастер-класстар уюштурулду.
Жыйынтыгында окутуучуларга жана студенттерге сертификаттар жана дипломдор тапшырылды.