Blog Image

КМУнун окутуучулары жана студенттери "Биримдик" марафонуна катышты

И.Арабаев атындагы КМУнун Профсоюз уюмунун төрагасы Назар Догдурбек, Жаштар, социалдык-маданий жана спорт бөлүмүнүн башчысы Азамат Айдаров, Дене тарбия институтунун окутуучусу Нурасыл Канназар уулу жана студенттер Кыргызстан Профсоюздар федерациясы уюштуруп өткөргөн "Биримдик жана ден соолук" аталышындагы марафонуна катышты.

Университеттин толук курамы жалпы 5 км аралыкка чуркоо боюнча ийгиликке жетишти. Профсоюз уюму тарабынан катышуучуларга белектер тапшырылып, иш-чара жогорку деңгээлде өттү.