Blog Image

КМУнун окутуучулары жана студенттери “Якимов окулары-2024” аталышындагы эл аралык конференцияга катышты

Бүгүн, 20-декабрь күнү, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Эл аралык журналистика жана медиа коммуникациялар бөлүмүнүн окутуучулары жана студенттери Якутиядагы жогорку билим берүүнүн 90 жылдыгына жана белгилүү илимпоз, журналист, коомдук ишмер Олег Дмитриевич Якимовдун 90 жылдыгына арналган “Якимов окулары-2024” аталышындагы эл аралык илимий-практикалык конференцияга онлайн катышты .

Конференциянын алкагында КМУнун Эл аралык журналистика жана медиа коммуникациялар бөлүмүнүн жетекчиси Эльвира Сатыбекова “Максим Аммосов кыргыз жана якут элдерин бириктирген боордоштук көпүрөсү”, Эл аралык журналистика жана медиа коммуникациялар бөлүмүнүн студенти Азирет Иличбеков “Журналистиканын жана ЖМКнын азыркы көйгөйлөрдү чагылдыруудагы жана чечүүдөгы ролу”, Наргиза Даанаева “Якутия менен Кыргызстандын тарыхый окуяларынын салыштырмалуу анализи”, Айсунат Адилетова “Социалдык тармактардын өспүрүмдөрдүн психологиялык ден соолугуна тийгизген таасири” аталышында баяндама жасады.

Конференциянын жүрүшүндө катышуучулар медианын этностук өзгөчөлүктөрдү сактоодогу ролу, глобализация шартында этникалык иденттүүлүктү коргоо жана массалык маалымат каражаттарынын азыркы коомдогу мааниси тууралуу маселелерди талкуулашты.

Бул конференция эки элдин илимий жана маданий байланыштарын бекемдөөгө өбөлгө түзүп, И.Арабаев атындагы КМУ менен Түндүк-Чыгыш федералдык университетинин кызматташтыгын бекемдеп, студенттердин жана окутуучулардын тажрыйба алмашуусуна шарт түзөт.

Иш-чара Россиянын Якутск шаарында М.К.Аммосов атындагы Түндүк-Чыгыш федералдык университети тарабынан уюштурулган.