КМУнун окутуучуларына жана 4-курстун студенттерине доцент А.Токтомаметов "Канткенде мыкты мугалим боло алам?" темасында конок-лекция өттү
И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Педагогика жана психология институтунун профессордук-окутуучулар курамына жана 4-курстун студенттерине КРнын Агартуу министрлигинин алдындагы Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун директору, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Алмаз Токтомаметов конок-лекция өттү.
Иш-чара 12 жылдык билим берүүгө өтүүнүн алкагында уюштурулуп, анын негизги максаты — келечектеги мугалимдерге шыктандыруучу багыт берүү жана педагогикалык кесиптин маанисин терең түшүндүрүү болуп саналат. А.Токтомаметов "Канткенде мыкты мугалим боло алам?" деген темада баяндама жасап, педагогдун кесиптик жана адамдык сапаттары, заманбап билим берүү системасындагы ролу тууралуу кеңири ой бөлүштү.
Ошондой эле, педагогикалык чөйрөдө үзгүлтүксүз өнүгүүнүн жана инновацияларды колдонуу маанилүүлүгүнө токтолду.
Иш-чара КМУнун Педагогика жана психология институтут тарабынан уюштурулду.