КМУнун окутуучусу А.Жолдошева "Көчмөндөр маданий мурасы - улуттук кол өнөрчүлүк баалуулугу" аталышындагы эл аралык ИПКга катышты
И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Искусство жана дизайн факультетинин Костюмдун технологиясы жана көркөм чеберчилиги, текстиль кафедрасынын окутуучусу Айгүл Жолдошева Казакстандын Астана шаарында өткөн Абай Кунанбаевдин 180 жылдыгына арналган "Көчмөндөр маданий мурасы - улуттук кол өнөрчүлүк баалуулугу" аталышындагы илимий-практикалык конференцияга катышты.
Конференция жогорку жана орто окуу жайлар кызматташтыгынын алкагында өткөрүлүп, ага Түркия, Россия, Кыргызстан, Өзбекстан жана башка өлкөлөрүнүн окумуштуулары жана илим изилдөөчүлөрү катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө Айгүл Жолдошева "Кыргыз элинин улуттук кийимдери” аталышында доклад окуду.
Илимий-практикалык конференциянын алкагында 200дөн ашык чеберчилик сабактары көрсөтүлүп, 100дөн ашык кол өнөрчүлүк буюмдары көргөзмөгө коюлуп, кийимдер коллекциялары көрсөтүлдү.