Blog Image

КМУнун окутуучусу Сынару Алымкулова Алматы шаарында өткөн эл аралык илимий форумга катышты

И.Арабаев атындагы КМУнун Э.Ж.Маанаев атындагы Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү институтунун профессору Сынару Алымкулова Алматы шаарында өткөн «Улуу талаанын улуттук салттары» аталышындагы II эл аралык илимий форумга катышты. Форумда Сынару Алымкулова “Бешик-сулуулуктун булагы” деген темада баяндама жасады. Аталган форум Казакстан Республикасынын Маданият жана маалымат министрлиги, Азербайжан Республикасынын Борбордук музейи жана ТУРКСОЙ эл аралык уюму, Алматы шаарынын музейлер Ассоциациясы тарабынан уюштурулду. Иш-чара Нооруз майрамынын мазмунун байытып, майрамдын мазмунун жаңы идеологиялык маанилер менен толуктоого жана кызматташтыкты жана улуттук биримдикти чыңдоого багытталган.