КМУнун окутуучусу эл аралык сынакка катышып келди
Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Мамлекеттик тил жана маданият институтунун Орус филологиясы факультетинин окутуучусу Элмира Коешева «Международный конкурс лучших практик преподавания русского языка как неродного (иностранного) в вузах государств-участников СНГ, реализующих программы педагогического образования» аттуу сынакка катышып, сертификат алды. Ал сынакка “Мен эмнеге орус тилинен сабак берем?” деген темада видеоролик даярдап, бул багытта эффективдүү жолдорун талкуулады.