Blog Image

КМУнун окутуучусу Кабулжан Юсупов Анталиядагы «Инженердик жана табигый илимдер боюнча» IV эл аралык  конгресске катышып келди

КМУнун окутуучусу Кабулжан Юсупов Анталиядагы «Инженердик жана табигый илимдер боюнча» IV эл аралык  конгресске катышып келдиИшеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Жаӊы маалыматтык технологиялар институтунун Колдонмо информатика кафедрасынын доценттин м.а. Кабулжан Юсупов Анталия шаарындагы «Инженердик жана табигый илимдер боюнча» IV эл аралык бир жумалык конгресске катышып келди. Аталган иш-чараны Туркия билим берүү кызматкерлеринин профсоюзу менен Евразия билим берүү профсоюздарынын эл аралык уюму уюштурган. Конгрессте ар кайсы өлкөлөрдөн келген өкүлдөрдүн техника жана табигый илимдерине байланыштуу докладдары окулду. Ага ылайык, бул багыттагы маанилүү маселелер айтылып, кызуу талкуу жаратып, өз максатына жеткендигин көрсөткөн.