КМУнун окутуучусу Казан эл аралык лингвистикалык саммитине катышып келди
Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин педагогика кафедрасынын профессорунун милдетин аткаруучу, педагогика илимдеринин кандидаты Миргүл Эсенгулова «Современная лингвистика: ключ к диалогу» аттуу IV Казан эл аралык лингвистикалык саммитине катышып келди. Ага 60 өлкөнүн окумуштуулары катышууга өтүнүчүн билдиришкен. Саммит маанилүү лингвистикалык изилдөөлөрдү көрсөтүүгө, талкуулоого жана жайылтууга багытталып, тил илими жаатындагы акыркы илимий жетишкендиктер, лингвисттер менен чет тил мугалимдеринин алдында турган көйгөйлөр талкууланды. Саммиттин алкагында Миргүл Эсенгулова «Опыт внедрения многоязычного образования в Кыргызской Республике в период 2017-2030 годы» изилдөөсүн презентациялады.