Blog Image

КМУнун окутуучусу «Келгиле окуйбуз»  окуу көндүмдөрүн өнүктүрүү долбоорунун башкаруучусу менен жолукту

12-декабрда И. Арабаев атындагы КМУнун Педагогика жана психология институтунун директору, доцент Гүлзат Казиева Европа жана Евразиядагы Кемоникс  башкы офисинин директору Анни Макхай,  Ташкент шаарынан келген билим берүүнүн консультанты Мумтоз Абдыраззакова,  «Келгиле окуйбуз»  окуу көндүмдөрүн өнүктүрүү долбоорунун башкаруучусу  Чынара  Өмүркулова менен жолугушту. 
 Жолугушууда башталгыч класстын мугалимдерин даярдоо программасын түзүүдө кандай муктаждыктар бар экени талкууланып, келечекте боло турган  долбоордун пландары түзүлдү.