КМУнун окутуучусу Нилуфар Алимжанова ЖККУнун Ардак грамотасы менен сыйланды
И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Кыргыз-кытай факультетинин Чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер кафедрасынын окутуучусу, КРнын Жогорку Кеңешинин депутаты Нилуфар Алимжанова Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) "Парламенттик кызматташууну бекемдегени үчүн" медалы жана ЖККУнун Ардак грамотасы менен сыйланды.
Сыйлыкты Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасынын орун басары Нурбек Сыдыгалиев тапшырды.
Бул сыйлыктар Нилуфар Алимжанованын ЖККУга мүчө мамлекеттер ортосундагы парламенттик кызматташууну чыңдоо жана эл аралык дипломатиялык мамилелерди өркүндөтүү жолундагы зор эмгеги үчүн берилди.
Нилуфар Якубжановнага бекем ден соолук жана көптөгөн ийгиликтерди каалайбыз!