Blog Image

КМУнун окутуучусу Нукус шаарында өткөн форумга катышты

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Табигый илимдер жана туризм институтунун проф. М.М. Ботбаева атындагы биоартүрдүүлүк кафедрасынын башчысы, доцент Салтанат Кендирбаева Каракалпакстан Республикасынын Нукус шаарында өткөн “Central Asian Teachers Forum” аталышындагы эл аралык форумга катышты.

Форумдун жүрүшүндө “Сабакты уюштуруунун заманбап технологиялары”, “Жашыл көндүмдөр жана кадамдар” аталышында тайпалык окуулар өтүп, катышуучулар өз ара пикир алмашуу жана тажрыйба бөлүшүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

Ошондой эле, билим берүүдө экологиялык мамилени калыптандыруу маселелери кеңири талкууланып, окутуучулар үчүн мастер-класстар өткөрүлдү.

Иш-чара Борбор Азия өлкөлөрүнүн билим берүү тармагындагы кызматташуусун бекемдөөгө, экологиялык көйгөйлөрдү чогуу чечүүгө жана жаратылышка аяр мамиле кылууга шарт түздү.

Позвонить