КМУнун профессордук-окутуучулар курамы Өзбекстанда өткөн эл аралык конференцияга катышты
18-19-октябрь күндөрү И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин профессордук-окутуучулар курамы Низами атындагы Ташкент педагогикалык университетинде өткөн “Табигый илимдер: заманбап жана актуалдуу изилдөөлөр” аталышында эл аралык конференцияга катышты. Конференцияга Россия, Өзбекстан, Казакстан, Кыргызстан жана Кытай мамлекеттеринин өкүлдөрү катышып, илимий баяндамалар жасалды.
КМУнун делегациясынын курамында КМУнун медицина факультетинин деканы, профессор Өмүрбек Карымшаков, география кафедрасынын башчысы Дамира Сөлпүева, профессор Темирбек Чодураев, профессор Чынарбек Дүйшөналиев, М.Р.Рахимова атындагы ККББИнин табигый-математикалык билимдер кафедрасынын доцентинин м.а. Дамира Шаршенова жана ага окутуучулар Нуржан Мамбетова, Нурбек Жумалиев, Гүлзат Төлөгөнова жана окутуучу Нургүл Бактыбек кызы бар. Конференциянын жүрүшүндө профессор Темирбек Чодураев Россия Федерациясынын Экология, адамдардын жана жаратылыштын коопсуздугу Эл аралык Академиясынын академиги диплому менен сыйланды.
Конференциянын экинчи күнү КМУнун делегациясы Ташкент мамлекеттик университетинин Табигый илимдер факультетинин профессордук-окутуучулук курамы менен жолугушуп, конок лекцияларды окушту. Иш сапар университеттер жана кафедралар ортосундагы эки тараптуу макулдашууларды талкуулоо менен жыйынтыкталды.