Blog Image

КМУнун Окуу борбору Япониянын Хоккайдо аралындагы “Ребун” мейманканасында ачылды

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети менен Япониянын Хоккайдо аралындагы Ребун шаарчасында жайгашкан «Ребун» мейманканасы ортосунда түзүлгөн кызматташтыктын алкагында КМУнун окуу борбору ачылып ишин баштады.

Бул борбор студенттердин практикада билим алуусуна шарт түзүп, мейманкана кызматтары жана коомдук тамак-аш технологиясы боюнча реалдуу өндүрүштүк чөйрөдө үйрөнүү мүмкүнчүлүгүн берет. Японтаануу институтунун бакалавриат багытынын «Мейманкана иши» жана орто-кесиптик билим берүү бөлүмүнүн “Коомдук тамак-аш азыктарынын технологиясы” адистигинин студенттерине жаңы ачылган окуу борбору практикалык көндүмдөрдү өздөштүргөнгө жакшы мүмкунчүлүктөрдү берет.

Студенттер үчүн япон тилин жандуу тил чөйрөсүндө үйрөнүп деңгээлин жогорулатууга, өз багыты боюнча кесиптик практикалык көндүмдөрдү өнүктүрүүгө, япон маданияты менен таанышууга, интерактивдүү жана маданий көндүмдөрдү өнүктүрүүгө кошумча мүмкүнчүлүктөр жаралууда.

«Ребун» мейманканасындагы окуу борбору эл аралык кызматташууну бекемдеп, студенттерге жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, эл аралык талаптарга жооп берген адистерди даярдоого өбөлгө түзөт.

Белгилей кетсек, окуу борборунун иши негизинен Ребун аралындагы туристтик сезондун убагында (жаз жана жай мезгилинде) жүргүзүлөт.