КМУнун Окуу иштери боюнча проректору Д. Козуев Кытай Эл Республикасында өткөн эл аралык форумга катышты
И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин окуу иштери боюнча проректору Дурус Козуев Кытай Эл Республикасынын Ганьсу провинциясынын Дуньхуан шаарындагы өткөн “The 8 th Silk Road (Dunhuang) International Cultural Expo” аталышындагы форумга катышты.
Иш-чаранын алкагында Кытай Эл Республикасынын Ганьсу саясий илимдер жана укук университети жана Тяньшуй мамлекеттик педагогикалык университети менен кызматташтык меморандумдарга кол коюлду.
Келишимдин негизинде биргелешкен илим изилдөө иштерин жүргүзүлөт, эл аралык деңгээлде биргелешкен илимий конференциялар уюштурулат. Ошондой эле, окутуучулар арасында тажрыйба алмашуу жүргүзүлөт.