Blog Image

КМУнун окуу иштери боюнча проректору Талантбек Курманбек уулу Эстерхази Кароли университетинин IT факультетинин ишмердүүлүгү менен таанышты

И.Арабаев атындагы КМУнун окуу иштери боюнча проректору Талантбек Курманбек уулу учурда Венгриянын Эгер шаарындагы Эстерхази Кароли атындагы университетинде тажрыйба алмашуу иш сапары менен жүрөт. 
Иш сапардын алкагында профессор Талантбек Курманбек уулу университеттин академиялык иштер боюнча проректору, доктор Тибор Юхас жана информатика факультетинин деканы, доктор Миклош Хоффманн менен жолугушту.