Blog Image

КМУнун Окуу иштери боюнча проректору Талантбек Курманбек уулу Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын Азирети Муфтийи Абдуль Азиз кары Закиров менен жолукту

20-март күнү И.Арабаев атындагы КМУнун Окуу иштери боюнча проректору Талантбек Курманбек уулу Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын Азирети Муфтийи Абдуль Азиз кары Закиров менен жолугушту. Жолугушууга Теология факультетинин деканы Нурбек Шамралиев катышты. Жолугушуунун алкагында эки тараптуу сүйлөшүү жүрүп, билим берүү багыттагы кызматташтыктын жолдору каралды. Андан сырткары диний окуу жайлардын окуу процессин жогорку деңгээлге чыгарууда  И.Арабаев атындагы КМУ тажрыйбасы менен бөлүшүп, жардамы бериле тургандыгы айтылды.