Blog Image

КМУнун Окуу иштери боюнча проректору Талантбек Курманбек уулу “StudEXPO-2024” эл аралык көргөзмөгө катышкан студенттер менен жолугушту

Бүгүн, 15-апрель күнү Ишеналы Арабаев атындагы КМУнун Окуу иштери боюнча проректору Талантбек Курманбек уулу “StudEXPO-2024” эл аралык көргөзмөгө катышкан Жаңы маалыматтык технологиялар институтунун студенттери менен жолугушту.

Жолугушууда Талантбек Курманбек уулу студенттерди жетишкендиктери менен куттуктап, окууларына ийгиликтерди каалады.