Blog Image

КМУнун окуу иштери боюнча проректору Талантбек Курманбек уулу Венгриянын Эстерхази Кароли атындагы университетинде тажрыйба алмашуу иш сапары менен жүрөт

И.Арабаев атындагы КМУнун окуу иштери боюнча проректору Талантбек Курманбек уулу учурда Венгриянын Эгер шаарындагы Эстерхази Кароли атындагы университетинин инфраструктурасы, лаборатордук жана изилдөө борборлору менен таанышууга жана жалпы университеттин санариптешүү боюнча иш-аракеттери менен таанышып, тажрыйба алмашуу иш сапары менен жүрөт.
Иш сапардын алкагында профессор Талантбек Курманбек уулу университеттин  I проректору, доктор Золтан Ваци Кальман жана эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Йоханна Гемл менен жолугушту.