Blog Image

КМУнун Орус филологиясы факультети тарабынан орус тил күндөрү өткөрүлдү

И. Арабаев атындагы КМУда 17-20-февраль күндөрү орус филологиясы факультетинде орус тил күндөрү өткөрүлдү. Иш-чара улуу орус акыны М.Ю. Лермонтовдун 210 жылдыгына жана «Эл аралык эне тил» күнүнө арналган.

Иш-чаранын алкагында факультеттерде дил баяндар сынагы, дубал гезиттер сынагы, викториналар, М.Ю. Лермонтовдун "Тарханы – музей усадьба" (онлайн форматта) музейине онлайн экскурсия өткөрүлдү.

Бүгүн, 20-февраль күнү "Нам дороги его творенья" аталышында адабий-музыкалык кече өттү. Студенттер М.Ю. Лермонтовдун белгилүү чыгармаларынан кызыктуу инсценировкаларды тартуулашты. Ошондой эле, университеттин башка факультеттеринин 1-курсунун студенттери даярдаган акындын лирикасынан көркөм окуу болду.

Иш-чаранын максаты: улуу орус акынынын мурасын актуалдаштыруу, таланттуу студенттерди аныктоо жана колдоо, М.Ю. Лермонтовдун чыгармачылыгын терең изилдөөгө болгон кызыгууну арттыруу жана студенттердин дүйнѳ таанымын кеңейтүү.

Иш-чара Орус филологиясы факультетинин орус тилинин практикалык курсу кафедрасы тарабынан уюштурулуп өттү.