Blog Image

КМУнун Орус филологиясы факультетинин деканы, доцент Назгүл Сегизбаева конок-лекция өттү

И.Арабаев атындагы КМУнун Орус филологиясы факультетинин деканы, доцент Назгүл Сегизбаева К. Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин магистратурасынын “Филологиялык билим берүү” багытынын “Орус тили жана адабияты” адистигинин бүтүрүүчүлөрүн мамлекеттик аттестациясына катышты. Ошондой эле, студенттер үчүн «Ч.Айтматовдун «Эрте келген турналар» көркөм чыгармасынын негизинде адабий ийримдин технологиясын колдонуу, жана «Студенттердин чыгармачыл жазуусун өнүктүрүү»  темасында конок-лекция өттү. Студенттер конок-лекцияда суроолоруна жооп алуу менен бирге кызыктуу маек курушту.