Blog Image

КМУнун Орус филологиясы факультетинин командасы "Аракет кылуу мезгили" жаштар демилгелеринин форумуна катышты

26-28-сентябрь кундөрү И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин орус филологиясы факультетинин командасы Ысык-Көлдө өткөн "Евразия" Автономиялуу коммерциялык эмес уюмунун демилгеси менен уюштурулган "Аракет кылуу мезгили" жаштар демилгелеринин форумуна катышты.

Анда Кыргызстандын 7 облусунан жана 18 университетинен студенттер катышты. КМУнун Орус филологиясы факультетинин командасынын курамында I-IV курстарынын студенттери

Жапаров Талант, Нуралиева Нурияна, Калканбекова Чолпон, Гүлжигитов Уман, Теунаева Сабрина, Сыдыкова Айасель болду.

Форум катышуучулар үчүн кызыктуу жолугушуулар, идеялар, жаңы билимдер жана долбоорлор менен алмашуунун чыныгы аянтчасы болду.

Форумдун жүрүшүндө студенттик кеңештерди түзүү, өнөктөштүктү түзүү жана "нөлдөн баштап" долбоорлорду иштеп чыгуу боюнча квизалар, лекциялар, тренингдер жана практикалык сабактар орун алды.

Позвонить