Blog Image

КМУнун орус филологиясы факультетинин студенттери "КМШнын мыкты студенти" эл аралык сынагынын жеңүүчүлөрү болушту

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Орус филологиясы факультетинин 2-курсунун студенттери Сезимкан Мансурбаева, Нурияна Нуралиева жана Абдумалик кызы Толгонай "Вilim Orkenieti" улуттук инновациялык илимий-изилдөө борбору тарабынан уюштурулган “КМШнын мыкты студенти” эл аралык сынагына катышып, I орунду ээлешти. Жеңүүчүлөр 1-даражадагы диплом жана "КМШнын мыкты студенти" медалы менен сыйланышты.