Blog Image

КМУнун Педагогика кафедрасынын башчысы Миргүл Эсенгулова “Студенттердин жумшак көндүмдөрүн өнүктүрүү” темасында доклад жасады

Бүгүн, 19-август күнү, Август конференциясынын алкагында И.Арабаев атындагы КМУнун Педагогика жана психология институтунун Педагогика кафедрасынын башчысы Миргүл Эсенгулова “Студенттердин жумшак көндүмдөрүн өнүктүрүү” темасында доклад жасады. Ал докладында педагогикалык кадрларды даярдоодо студенттердин жумшак көндүмдөрүн, анын ичинде креативдүүлүк, убакытты башкаруу, коммуникация, критикалык ой жүгүртүү, ынандыруу жана өз ишмердүүлүгүн пландоо сыяктуу сапаттарды өнүктүрүүнүн актуалдуулугун баса белгиледи.

Педагогика кафедрасынын профессору Миргүл Эсенгулова бул көндүмдөрдү өнүктүрүү келечектеги педагогдор үчүн абдан маанилүү экенин жана аларды натыйжалуу окутуу үчүн педагогикалык программаларды өзгөртүү зарылдыгын айтты. Ошондой эле, докладда ар бир жумшак көндүмгө өзгөчө көңүл бурулуп, алардын ар бирин өнүктүрүү методикалары жана маанилүүлүгү тууралуу кеңири сөз болду.