Blog Image

КМУнун Педагогика жана психология институту жумуш берүүчүлөр менен жолугушту

Бүгүн, 8-апрель күнү, И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Педагогика жана психология институту жумуш берүүчүлөр менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушууга КМУнун окуу иштери боюнча проректору Р.А.Зайниев, окуу бөлүмүнүн башчысы Э.Амантур уулу, ППИнин директору Г.К.Казиева, кафедра башчылары жана методисттер катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө студенттер тарабынан даярдалган дубал гезиттер, көргөзмөлөр, сабактар боюнча мастер-класстар сунушталды.

Иш-чаранын алкагында жумуш берүүчүлөр менен кесипке багыттоо, жумуш орундары менен камсыздоо тууралуу маанилүү маселелер талкууланды.