Blog Image

КМУнун Педагогика жана психология институтунда КР ББИМ комиссиясы Билим берүү уюмдарында мамлекеттик тилдин абалын баалоо жүргүзүүдө

12-сентябрь күнү И.Арабаев атындагы КМУнун Педагогика жана психология институтунун Мектепке чейинки билим берүү технологиясы жана Атайын педагогика жана психокоррекция кафедраларына Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин мамлекеттик тил секторунун башкы адиси Гүлнара Ибраимова баштаган комиссия мүчөлөрү келди. Алар Билим берүү уюмдарында мамлекеттик тилдин абалын баалоо, стратегиялык жана программалык документтерге, мамлекеттик билим берүү стандарттарына талдоо жүргүзүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын 2024-жылдын 30-июлундагы № 14-12233 буйругунун негизинде тапшырманы аткаруу максатында иш алып барууда.

Комиссия мүчөлөрү ППИнин эки кафедрасынын окутуучулары менен жолугушуп, мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча сунуш-пикирлер талкууланды жана жолугушуунун жыйынтыгында резолюция кабыл алынды. Иш-чарага КМУнун Мамлекеттик тил, жаштар саясаты жана спорт боюнча проректору Жайна Садыкбек кызы, Педагогика жана психология институтунун директору Г.К.Казиева, кафедра башчылары З.Б.Джапарова, Н.Э.Абдраева жана профессордук-окутуучулар курамы катышты.