Blog Image

КМУнун Педагогика жана психология институтунун, Медицина факультетинин жана Искусство жана дизайн факультетинин аудиториялары оңдоп түзөөдөн өттү

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору Айгүл Абдраева жана профессордук-окутуучулар курамы Педагогика жана психология институтунун, Медицина факультетинин жана Искусство жана дизайн факультетинин оңдоп түзөөдөн өткөн окуу бөлмөлөрү жана чарба иштери менен таанышты.

Бул иш-чара университеттин окуу жайындагы материалдык базаны жаңылоо жана жакшыртуу максатында уюштурулду. Окутуучулар жаңыртылган бөлмөлөрдү көрүп, алардын заманбап техникалык жабдыктары жана шарттары менен таанышты. Бул жаңылануулар билим берүү сапатын жогорулатуу жана студенттердин билим алуусуна ыңгайлуу шарттарды түзүү үчүн багытталган.