Blog Image

КМУнун Педагогика жана психология институтунун окутуучулары 1-июнь Эл аралык балдарды коргоо күнүнө карата мастер-класстарды өттү

И.Арабаев атындагы КМУнун Педагогика жана психология институтунун директору, доцент Гүлзат Казиева, Мектепке чейинки билим берүүнүн технологиясы кафедрасынын башчысы, доцент Назгүл Абдраева, Гуманитардык-педагогикалык колледжинин "Мектепке чейинки жана коррекциялык билим берүү" бөлүмүнүн башчысы Гүлшайыр Жаныбекова, ага окутуучу Салыйка Жумагулова жана студенттер 1-июнь - Эл аралык балдарды коргоо күнүнө карата Бишкек шаарынын Эмен багында уюштурулган иш-чарага катышып, балдарга мастер-класстарды өтүп, өнүктүрүүчү кызыктуу оюндарды ойнотушту.