Blog Image

КМУнун Педагогика жана психология институтунун окутуучулары жана студенттери Карагач багында бактарды жана гүлдөрдү отургузушту

Ишеналы Арабаев атындагы КМУнун Педагогика жана психология институтунун Табигый-математикалык билимдер жана аларды башталгыч мектепте окутуунун технологиялары кафедрасынын окутуучулары жана студенттери Карагач багында бактарды жана гүлдөрдү отургузушту.

Иш-чара Борбордук Азиядагы Америка университетинин демилгеси менен айлананы жашылдандыруу максатында уюштурулган. Акцияга Педагогика жана психология институтунун Табигый-математикалык билимдер жана аларды башталгыч мектепте окутуунун технологиялары кафедрасынын кураторлору Узакова М.К.,Сейталиева Э.С.,Канатбекова Н.К.,Тенизбек к. А.,Райымбек к. А., Жумабек к. А., студенттер катышты.