Blog Image

КМУнун Педагогика жана психология институтунун профессордук-окутуучулук курамынын катышуусунда профилдик-базалык уюштуруу конференциясы өттү

И. Арабаев атындагы КМУнун Педагогика жана психология институтунун "Башталгыч билим берүү", "Мектепке чейинки билим берүү", "Логопедия", "Олигофренопедагогика", "Сурдопедагогика", "Психология" профилдеринин 3-курсунун студенттери, методисттер жана университеттин педагогикалык практика бөлүмүнүн жетекчиси Нурпаис Баястанов, ППИнин жалпы профессордук-окутуучулук курамынын катышуусунда профилдик-базалык уюштуруу конференциясы өттү.

Конференцияда практиканын максаттары жана милдеттери талкууланып №24, 72, 68 жалпы орто билим берүү мектептерине жана №117, 85 атайын мектепке чейинки билим берүү уюмдарына, "Креатив-Таалим" билим берүү комплексине, КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин “Балдарды эрте өнүктүрүү борборуна”, “Аккорд”, “Лингва” окуу борборлоруна, Баткен педагогикалык колледжине, КР балдар үчүн ишеним телефону кызматына, студенттерди методисттер тааныштыруу жана бөлүштүрүү максатында алып барышты. Институттун директору Г.К.Казиева, практика бөлүмүнүн жетекчиси Н.М.Баястанов жана кафедра башчылары студенттерге ийгилик каалашты.