Blog Image

КМУнун Педагогикалык колледжинин студенттери "Көчмө бала бакчадагы" балдарга куурчак оюнун тартуулашты

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Педагогикалык колледжинин Мектепке чейинки билим берүү адистигинин 1-2-3-курсунун ДО-11-22, ДО-12-21, ДО-1-20 группасынын студенттери, окутуучулар менен бирге  "Чет тилдер жана мектепке чейинки билим берүү" бөлүмүнүн окутуучусу Жаныбекова Гүлшайыр Жаныбековнанын жетекчилиги астында  “Көчмө бала бакча” долбооруна тартылган балдарга куурчак театрын уюштуруп, “Жомоктор дүйнөсүнө саякат” аттуу спектаклин көргөзүштү. Иш-чара факультеттин деканы Мелис Оңолбаевдин демилгеси менен уюштурулган. Аны менен катар, студенттер  балдарга ачык сабак өтүшүп, кызыктыруучу оюндарды ойнотушту.