КМУнун PhD доктору Н.Абалова Махтумкули атындагы Түркмөн мамлекеттик университети уюштурган онлайн ИПКга катышты
И.Арабаев атындагы КМУнун Ш.Кадырова атындагы Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институтунун Кыргыз-Кытай факультетинин Чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер кафедрасынын доцентинин м.а., PhD доктору Н.Абалова жана "Эл аралык мамилелер" багытынын 3-курсунун студенти А.Мурзабекова Түркмөнстандын "Эл аралык тынчтык жана ишеним жылына" жана Түркмөнстандын бейтараптыгынын 30 жылдыгына карата Махтумкули атындагы мамлекеттик университети уюштурган "Туруктуу өнүгүү максаттарын ишке ашыруунун артыкчылыктуу багыты: экологиялык билим берүү жана айлана-чөйрөнү коргоонун заманбап көйгөйлөрү" аталышынды онлайн илимий-практикалык конференцияга катышты.
Баяндамачы Н.Абалова "Жаштардын экологиялык аң-сезимин калыптандыруунун өзгөчөлүктөрү жана билим берүү программаларынын аны өнүктүрүүгө тийгизген таасири" темасында доклад окуду.
Конференциянын максаттары: климаттын өзгөрүшүнөн жана антропогендик таасирден улам келип чыккан заманбап экологиялык чакырыктарды талдоо, экологиялык билим берүүгө болгон мамилелерди талдоо, жаңы окуу пландарын жана курстарын түзүү, окутуу үчүн интерактивдүү инструменттерди жана платформаларды иштеп чыгуу жана экологиялык изилдөөлөр жана билим берүү программалары жаатында эл аралык кызматташтыкты бекемдөө.